Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

«Коопсуз шаар – 2»: Тендерде кытайлык компания алдыга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-августта «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча тендердин жыйынтыгы мамлекеттик сатып алуу сайтында жарыяланды. Ага ылайык, сынакта кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясы 2,6 млрд. сом сунуш кылган. Ал эми долбоорду ишке ашырыш үчүн «Вега» компаниясы 4,8 млрд. сом, Орусиялык БИС компаниясы 5 млрд. сом сунуш кылган.

Бирок Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, тендердик комиссиянын башчысы Кубаныч Шатемиров ким жеңүүчү экени комиссиянын акыркы чечиминен кийин белгилүү болоорун «Азаттыкка» билдирди.

Кыргызстандагы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча 5,7 млрд. сомго бааланган тендерге төрт компания катышып, анын үчөө жыйынтыктоочу турга өткөн болчу.

Анын ичинен орусиялык БИС компаниясы ага атаандаш болгон башка бир орусиялык «Вега» компаниясы менен кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясын сотко берген.

Утуп чыккан компания Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видеокамерадан байкоочу жабдуу орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт. Беш жылдык долбоор 5 млрд. 791 миллион сомго бааланган.

Анда жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекси орнотулары көрсөтүлгөн. Долбоордун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон.

XS
SM
MD
LG