Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:49

Росстат: Орусияда 18 миллион киши өтө жакыр жашайт


Орусияда 18,6 миллион киши, башкача айтканда өлкө калкынын 12,5 пайызы өтө жакыр жашайт.
Орусияда 18,6 миллион киши, башкача айтканда өлкө калкынын 12,5 пайызы өтө жакыр жашайт.

Орусияда кирешеси минималдык өлчөмгө жетпеген жарандар көбөйдү.

Статистикалык комитеттин 27-августта жарыяланган баяндамасына ылайык, 2019-жылдын экинчи кварталында 18,6 миллион киши, башкача айтканда өлкө калкынын 12,5 пайызы өтө жакыр жашай тургандыгы маалым болду.

Росстат бул көрүнүштү инфляцияга салыштырганда минималдык кирешенин өлчөмү көбөйгөнү менен байланыштырууда. Анын көлөмү былтыркыдан 7,1 пайызга жогорулап, 11 миң 185 рублди түзгөн. Ал эми инфляция бир жылда 5 пайызга жогорулаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин май айында кол койгон жарлыгында өкмөткө 2024-жылы жакырчылыкты эки эсе азайтууну тапшырган. Экономикалык өнүгүү министрлиги 2019-жылы жакырчылыктын деңгээли 12 пайызды түзөрүн айтууда.

XS
SM
MD
LG