Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:18

Украина орусиялык эки жоокерди Крым активистин уурдаган деп айыптоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украин бийлиги беш жыл мурда Москванын Крымдын басып алышына каршы чыккан активистти уурдап кеткен деп шек саналгандар табылганын билдирди. Активист күндүз жоголуп, бир нече жумадан кийин сөөгү табылган.

Украин прокуратурасы 10-сентябрда билдиргендей, 39 жаштагы Решат Аметовду уурдоого эки орусиялык аскер катышкан. Маалыматта Аметов 2014-жылы Симферополь шаарында Орусияга каршы нааразылык акциясына чыккан жеринен кармалып, дайынсыз болгону айтылат. Эки жумадан кийин анын сөөгү шаардан 60 чакырым аралыктагы токойдон табылган.

- Прокуратуранын, полициянын жана укук коргоо уюмдарынын кызматташтыгы кылмыш ишин бат ачууга мүмкүнчүлүк берди, - деди Киевдеги Крым боюнча башкы прокурор Хундуз Мамедов.

Киевдин Крым боюнча полициясы бул ишке 44 жаштагы Александр Бахлюк менен 33 жаштагы Александр Руденконун катышы бар экенин билдирүүдө. Алар мурдагы аскер кызматкери 53 жаштагы Евгений Скрипниктин көрсөтмөсү менен кылмышка барышкан. Скрипник Орусиянын Украинанын чыгышындагы аскердик операцияларга катышканы айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG