Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:54

Бурятияда акциянын уюштуруучусу камакка алынды


Улан-Удэ шаарындагы митинг.

Бурятияда нааразылык митингдеринин уюштуруучусу 10 суткага камакка алынды. Улан-Удэнин соту блоггер Дмитрий Баировду мурдагы үй-бүлөсүнө алимент төлөбөй жүргөн деп тапты.

Блогерди митинг учурунда мыйзам бузганы үчүн административдик жазаны өтөп жаткан убактылуу кармоо жайынан Соттук приставтардын федералдык кызматына алып барышты.

Бурятиянын Элдик хуралынын депутаты Баир Цыреновдун айтымында, Баиров алимент боюнча 35 миң рублдик карызы болгон. Бирок бул сумма акыркы күндөрү миллион рублден ашык деп көрсөтүлүп калган.

Орусиянын курамындагы Бурятияда митинг 9-сентябрда башталган. Алгач ал «орус президенти Владимир Путинди бийликтен түшүрүү» максаты менен жолго чыккан якутиялык бакшы Александр Габышевди колдоо иретинде өткөн. Кийин милициянын митингчилерди таратыш үчүн күч колдонушуна нааразылыктан улам акция бир нече жолу уюштурулган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG