Евразия экономикалык кеңешинин Армениянын баш калаасында өткөн жыйынында Орусиядан Кыргызстанга акча которууга кирген чектөө боюнча маселе көтөрүлдү.
Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Орусиядан Кыргызстанга айына жүз миң рублдан ашык акча которууда кыйынчылык жаралып жатканына байланыштуу маселени Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы, армениялык саясий ишмер Тигран Саркисян кабыргасынан койду.
Саркисян Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 27-сентябрында Бишкектеги жолугушуу учурунда бул маселени айтканын белгиледи.
Жагдай Орусиянын Борбордук банкы менен талкууланып, Евразия өкмөт аралык кеңешинин 25-октябрындагы жыйынында карала турган болду.
Евразия экономикалык кеңешине кирген өлкөлөрдүн президенттеринин деңгээлиндеги жыйын Ереванда 1-октябрда болду. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жооптуу кызматкерлер барды.
Буга чейин кыргыз өкмөтү Орусиянын акча которууга киргизген чектөөсү ишкерлик менен алектенген мигранттарга терс таасирин тийгизип жатканын айтып чыккан.
Ушул жылы апрель жана июль айларында Орусиядан чет өлкөгө акча которууга чектөөлөрдү киргизген. Борбордук банк муну көмүскө акча операцияларына каршы чара катары негиздеген. (SE)