Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Германия дагы 44 ооганды мекенине кайтарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германия оогандык дагы 44 кишини мекенине кайтарды. Алар баш калка сурап, бирок албай калышкан. Ушуну менен үч жылда Германиядан 720 ооган депортация болду. Баш калка издеген адамдарды согуш уланып жаткан кооптуу өлкөгө кайтаруу аракетин Германиянын өзүндө айрымдар сындап келет.

Бириккенде Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, быйыл алты айда Ооганстанда 1 миң 366 карапайым киши куралдуу жаңжалдан каза тапты.

7-октябрда Нангархар провинциясында рикшага коюлган бомба жарылганда бери дегенде 10 киши, арасында бир бала мүрт кетти, 27 киши жараланды.

«Save the Children» эл аралык уюму акыркы 18 жылда Ооганстанда туулган жана чоңойгон ар бир жеткинчекке согуш таасир эткенин сентябрда билдирди. 

 

XS
SM
MD
LG