Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Казакстанда кытайлык жумушчулар катышкан чыр иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда жергиликтүү жана кытайлык жумушчулардын ортосунда кайрадан чыккан чырдын себептери иликтенүүдө.

Алматы облусунун полиция департаментинин маалыматына караганда, Аксу районунда 7-октябрда «Citic Construction» ишканасынын жол куруп жаткан жумушчуларынын арасында тутанган чырдан улам мушташ чыккан, бир кытай жараны жеңил жаракат алган.

Эртеси күнү чыр кайра уланып, дагы төрт кытайлык жаран ооруканага түшкөн.

Текшерүү учурунда 33 кытайлык жумушчу Казакстанда мыйзамсыз жүргөнү аныкталган, учурда аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча иштер жрп жатат.

Быйыл июнь айында Теңгиз мунай кенинде, ал эми августта Караганды облусунда да чет өлкөлүктөр менен жаңжал чыккан.

Жалпысынан Кытай Казакстанга эң көп инвестиция салган төрт мамлекеттин, ошондой эле эң көп карыз берген үч өлкөнүн бири. Расмий маалымат боюнча, Казакстандын Кытайга төлөй турган карызы 12 миллиард доллардан ашат. (RK)

XS
SM
MD
LG