Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча турнир өтөт


Султан Жумагулов.
Султан Жумагулов.

12-октябрда Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда белгилүү журналист, коомдук ишмер, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турнири өтөт.

Мелдешке Султан Жумагулов өзү иштеп кеткен бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү баштаган командалар катышат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин аппараты менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин аппаратынын командалары күч сынашат. Мелдешти өткөрүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков колдоо көрсөтүүдө.

Турнир Кыргызстандын Футбол федерациясынын оюн талаасында (Бишкек шаары, Медеров көчөсү 1«Б») саат 08:30дө башталат.

Султан Жумагулов өмүрүн кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө арнап, «Ленинчил жаш», «Эркин-Тоо», «Асаба» гезиттеринде, ВВС, «Азаттык» эл аралык маалымат кызматтарында, ошондой эле ЭлТР, КТРК телеканалдарында жетекчилик кызматтарда узак жылдар бою эмгектенген.

Коомдук-саясий иштерге да жигердүү аралашып, журналист катары көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Өмүрүнүн акыркы жылы маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалап, 2018-жылдын 8-октябрында узакка созулган оорудан улам көз жумган. (BTo)

XS
SM
MD
LG