Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Текебаев: Судья күбөлөрдү суроодо тоскоолдук кылууда


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда судья менен пикир келишпестик жаралды. Отурум баштала элек жатып судья Айнура Сатарова тыныгуу жарыялап, залдан чыгып кетти.

Маселе күбөлөрдү суракка алууга байланыштуу чыкты. Текебаевдин айтымында, судья Сатарова Чотонов тууралуу көрсөтмө бериш үчүн атайын Оштон учуп келип, кечинде кайра уча турган ИИМдин мурдагы полковниги Азат Бектемировду биринчи суроо тууралуу сунушту укпай койду.

- Судьянын бул кадамын мен адепсиздик жана кара ниеттик менен тоскоолдук кылуу деп баалайм. Муну түшүнүп болбойт. 18 адам мурун да келген, күн сайын келип жатат. Алардын арасында жумушунан суранып келгендери да бар. Оштон маанилүү күбө сот болуп жатканын угуп, өз эсебинен учуп келди. Ал кетип калсачы? - деди саясатчы.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкекте болгонун жүйө келтирген.

Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалаган.

Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралууда.

Судья Сатарова отурум башталганда соттун катышуучуларын тартипке чакырып, кирип-чыгууга уруксат жок экенин айтты. Ал эми күбөлөрдү суракка алуу тартиби сотто түзүлгөн тизме боюнча жүрөрүн билдирди.

Танапис 20 мүнөт созулгандан кийин сот отуруму кайра уланды.

Оштон келген күбө, ИИМдин мурдагы полковниги Азат Бектемиров 2010-жылы 13-майда Чотонов Ошко тик учак менен учуп барганын айтып берди. (RK)

XS
SM
MD
LG