“Өзбекстандын ислам кыймылынын” (ӨИК) согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурдагы кагылышуусу “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды. Террорчулар 1999-2000 - жылдардын жай айларында эки ирет Кыргызстандын чек арасын Телбе (Баткен), Бокбашы (Чоң-Алай) ашуулары аркылуу бузуп киришкен. Зардалыда мектеп менен мечитте 45 күн ӨИК кара байрагы илинип турган, кишилер мыкаачылык менен өлтүрүлүп, барымтага алынган. Чек араны 200дөн 1000ге чейинки согушкер бузуп өткөн. Аскердик операцияга 1500-2000 аскер тартылган. 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган. Качкындардын саны 4 миңден 8 миңге жеткен. Баткен коогасынын актай барактарын окуянын күбөлөрү менен чогуу ачабыз.
Чыгарылыштар
-
Январь 04, 2023
Кооптуу коңшу: казакстандыктар эмнеге кабатыр?
-
Декабрь 30, 2022
2022: Борбор Азиядагы козголгон эл, кооптонгон бийлик
-
Декабрь 16, 2022
Иран: элдик толкундоо эмне менен аяктайт?
-
Декабрь 01, 2022
Кытайды козгогон Үрүмчүдөгү каргаша
-
Ноябрь 24, 2022
Токаевдин тополоңдон кийинки жеңиши