Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 22:59

Чуулгандуу мушташ: Бапышев менен Сейитбековдун абактагы мөөнөтү узарды


Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт. 28-август, 2019-жыл.

Бишкекте эки кишини катуу сабады деген шек менен кармалып, №1 тергөө абагында отурган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековдун камактагы мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрына чейин узартылды.

Тиешелүү токтомду Бишкектин Свердлов райондук соту 25-октябрда чыгарганын шаардык сот кабарлады.

28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташта эки адам мыкаачылык менен катуу сабалган. Аларды сабады делген Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков окуя болгон учурда кармалып, кайра коё берилген. Жабыркагандардын жакындары арыз жазган соң коомчулукта бул маселе чоң талкууга түшүп, кийин аларга издөө жарыяланган. 6-сентябрда изделип жаткан эки адам милицияга өздөрү келип, камакка алынган.

Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул ишке байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Казыбек Бапышовду кармаган.

Ага милицияда иштеп турган учурунда 28-августта окуя болгон жерге жетип барып, Бапышев менен Сейитбековду кармаган милиция кызматкерлерине тоскоолдук кылып, инилерин бошотуп кеткен деген айып коюлган. (BTo)

XS
SM
MD
LG