Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:43

Бишкекте балдар менен өспүрүмдөрдүн «Карек» кинофестивалы ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте балдардын жана өспүрүмдөрдүн төртүнчү республикалык «Карек» кинофестивалы ачылат.

«Карек» фондунун маалыматына караганда, бул жылы Кыргызстандын бардык аймактарынан 10-17 жаштагы жаш режиссёрлордон 56 кыска метраждуу тасма келип түшкөн. Тандоонун жыйынтыгында 25 тасма тандалып алынат.

15-ноябрда жеңүүчүлөр «Манас» кинотеатрынын алдында кызыл килемден атактуу киночулар менен бирге өтүп, сыйлык тапшыруу аземине катышат.

Быйылкы сынактын өзгөчөлүгү катары БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) «Балдар укуктары жөнүндө конвенцияга» арналган атайын «Тумар» сыйлыгы да өз ээсин табат.

Жаш киночулардын фестивалынын уюштуруучулары – Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Кинематографисттер союзу, ЮНИСЕФ, «Кристенсен» жана «Айтыш» фонддору. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG