Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Казакстанда автобус оодарылып кетип, сегиз киши ажал тапты


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Казакстандын Кызыл-Ордо - Кумкөл жолунда 3-декабрда таң сүрүлүп баратканда эл ташыган автобус музга тайгаланып, оодарылып кетти. Ички иштер министрлиги унаада 35 адам болгонун, сегиз адам өлүп, дагы 20дан ашык киши жаракат алганын билдирди.

Маалыматка караганда, автобуста Кумкөл мунай кенине жумушка бараткан жергиликтүү компаниялардын биринин кызматкерлери болгон.

Кырсыктын алдында ИИМ бул аймакта жамгыр жаап, жолдорду муз каптап калгандыктан Актөбө, Кызыл-Ордо жана Жамбыл облустарында жолдо жүргөндө этият болуш керек экенин эскертип жаткан.

Ушул тушта Кызыл-Ордодон 25 чакырым алыстыктагы жолдо полициянын бекети коюлуп, бир да унаа өткөрүлбөй жатат.

XS
SM
MD
LG