Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Укук коргоочу президентти сот реформасы боюнча жарандык коом менен жолугууну сунуш кылды


Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышында катышып жаткан укук коргоочу Динара Ошурахунова мамлекет башчыны жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, соттук-укуктук реформа боюнча талкуулоону сунуш кылды:

- Жарандык коомдун өкулдөрү жана көз каранды эмес эксперттер соттук-укуктук реформа кандай жүрүп жатканы тууралуу чыныгы көрүнүштөрдү айтып берет.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жыйындын башында сүйлөп, учурда реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри, Тартип бузуунун бирдиктүү реестри иштей баштаганын белгилеген. (MiK/TSh)

XS
SM
MD
LG