Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

«Адмирал Кузнецовдогу» өрт бир суткадан кийин өчүрүлдү


«Адмирал Кузнецов» кемеси.
«Адмирал Кузнецов» кемеси.

Бул тууралуу Орусиянын Биргелешкен кеме куруу корпорациясынын башчысы Алексей Рахманов билдирди. Ушул тушта кырсыктын себебин тактап-аныкташ үчүн комиссия иштеп жатат.

Орусиянын аскер кемеси «Адмирал Кузнецовдо» 12-декабрда, жергиликтүү убакыт боюнча 10:16да өрт чыккан. Орусиялык маалымат каражаттары крейсер ошол маалда Мурманскидеги докто оңдолуп жатканын жазып чыгышкан. Баштапкы маалыматка ылайык, өрт кеменин жүк ташуучу бөлүмүнөн чыккан. Борттогу дизел майын да өрт чалганы өчүрүү ишин татаалдаштырган.

Кемеде өрт тутанган маалда 400 киши болгон. Кырсыкта 12 адам жабыркады, экипаждын бир мүчөсү дайынсыз жоголууда.

Бортунан аскер учактары асманга көтөрүлө алган «Адмирал Кузнецов» - Орусиянын Аскер-деңиз флотундагы бирден-бир маанилүү кеме. 9-декабрда Кеме куруу бириккен корпорациясынын башчысы Алексей Рахманов «Адмирал Кузнецовдо» оңдоо иштери графикке ылайык жүрүп жатканын, 2022-жылы ишке берилерин билдирген.

XS
SM
MD
LG