Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Башкы прокуратура: Матраимов боюнча Токтакуновдун арызы УКМКга өткөрүлдү


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов жазган арыз маалыматтардын эсептик журналынын (журнал учета информации) автоматташтырылган базасына катталганын билдирди.

Мекеме социалдык тармактардагы “укук коргоочунун арызы каралбай жатат” деген маалыматтарды төгүндөдү. Башкы көзөмөл мекемеси расмий билдирүүдө, ал арыз Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүлүп берилгенин, мурдараак козголгон кылмыш ишинин алкагында караларын кошумчалады.

9-декабрда «Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов Райымбек Матраимовго Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Матраимовдун чыгашасы кирешесинен өтө көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузуу аныкталса чара көрүүнү өтүнгөн.

Жакында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Матраимовдун аты аталган.

Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга эч тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын айтууда. Мындан кийин ал жана анын бир тууганы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG