Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:45

ТИМ АКШнын Өкүлдөр Палатасын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүгө айыптады


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын Өкүлдөр Палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин билдирүүсүнө жооп кайтарды.

“Бул чындыкка дал келбеген билдирүүнү эгемендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү аракети катары жана Кыргыз Республикасынын сот бийлигине басым кылуу катары баалайбыз. Буга байланыштуу АКШнын Өкүлдөр Палатасынын комитетин маалымат булагын алууда тыкыр болууга, алынган маалыматтарды жакшылап текшерүүгө кеңеш беребиз”,-деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

АКШнын Өкүлдөр Палатасы 13-декабрда «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматынын айланасындагы жагдайга байланыштуу камтамачылык билдирип, “эркин басма сөздү коркутуу жана ооздуктоо - бул негизги эркиндикке чабуул болуп саналарын” эскерткен.

Ушундай эле маанидеги билдирүүлөрдү 14-декабрда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир, АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элис Уэллс да таратты. Кыргызстандын Тышкы иштер мекемеси мунун ичинен Дезирге жооп берип, анын айыптоосун да өлкөдөгү сот бийлигине таасир этүү аракети катары баалаган.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана "24.kg" сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Буга Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттык» радиосунун, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу чыгарган иликтөөлөрдө айтылган маалыматтар негиз болгон. Иликтөөлөрдү "24.kg" басылмасы да өз баракчасына жайгаштырган.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. Ушул эле соттук мекеменин судьясы Жылдыз Ибраимова 13-декабрда кайра Матраимовдордун адвокаттарынын арызы менен эсептерди камактан чыгарган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG