Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Аймактарда Аялдар спортунун фестивалы башталды


Фестивалга катышкан нарындык кыздар.
Фестивалга катышкан нарындык кыздар.

Элеттик кыз-келиндерди спортко кызыктыруу максатында Аялдар спортунун фестивалы башталды. 15-декабрда Нарында башталган өнөктүк Ысык-Көлдө уланып, 19-декабрда Баткенде уюштурулууда.

Фестивалды Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Кыргызстандын Кыздар футболу лигасы менен биргеликте “Дени сак эне – дени сак улут” урааны астында өткөрүүдө.

Өнөктүк бүт аймактарда уюштурулуп, 24-декабрда Таласта жыйынтыкталат.

Фестивалдын алкагындагы таймаштар спорттун бир канча түрүнөн өтүп, ага элеттик каалаган кыз-келиндер катыша алат. Иш-чаранын алкагында дарыгерлер спорттун аялдарга пайдасы тууралуу кеп-кеңеш беришет, ийгиликтүү спортчу кыз-келиндер устаттык сааттарды өтүшөт.

 

XS
SM
MD
LG