Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Ооганстанда талиб жоочулары 27 активистти уурдап кетти


Тынчтык үчүн улуттук кыймылы былтыр Ооганстандын бардык аймактарында жөө жүрүш уюштурган.
Тынчтык үчүн улуттук кыймылы былтыр Ооганстандын бардык аймактарында жөө жүрүш уюштурган.

Ооганстандын түндүгүндөгү Фарах провинциясынын Бала-Булук районунда "Талибандын" жоочулары Тынчтык үчүн улуттук кыймылынын 27 мүчөсүн жүрүшкө чыккан маалда уурдап кетишти. Бул тууралуу ооган бийлиги кабарлады жана ал жарандарды издөө башталганын билдирди. "Талибан" буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Тынчтык үчүн улуттук кыймылы алардын мүчөлөрүн талиб жоочулары ушуну менен төртүнчү ирээт уурдап жатканын белгиледи. Акыркы окуя ушул жылдын июнь айында Гилменд провинциясында катталган жана анда 25 адам уурдалып, бир канча күндөн кийин кое берилген.


Өткөн жылы аталган кыймыл эл аралык коомчулуктун көңүлүн Ооганстандагы жагдайга буруу үчүн жана 18 жылдан берки согушту токтотууну талап кылып өлкөнүн бардык аймактарында жүрүш өткөргөн. Анда соңку жылдары зордук-зомбулук болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүнө, жайкын тургундарга кесепети тийип жатканына камтамачылык айтылган.

XS
SM
MD
LG