Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 6-февралдан тартып жатак абакка которулушу керек. Бул тууралуу анын адвокаты Шарабидин Токтосунов «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, буга чейин саясатчынын адвокаттары Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка кайрылып, соттолуучу Жапаровдун жатакка абакка которуу мөөнөтүн тактаган.
- Анда «Садыр Жапаровдун жатак абакка которулуу мөөнөтү 5-февралда келет» деп жооп беришкен. Жаңы кодекстерге ылайык, соттолуучуну жатак абакка которууну сот эмес, ЖАМКтагы атайын комиссия карап, чечим кабыл алат. Садыр Жапаров абакта отурганда эч кандай тартип бузган эмес. Эгер мыйзам иштей турган болсо ал ушул мөөнөттөн соң жатак абакка которулушу керек, - деди Токтосунов.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын март айында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.
Былтыр ноябрь айында Садыр Жапаров президенттен ырайым сураган. Сооронбай Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурулган акыркы басма сөз жыйынында Жапаровдун арызы каралып жатканын жана мыйзам боюнча чечилиши керек экенин айткан. (BkA)