Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:11

Австралияны каптаган өрт көнүмүшкө айланышы мүмкүн


Австралия токойлорундагы өрттө кеминде бир миллиарддан ашуун жан-жаныбар кырылып калды.
Австралия токойлорундагы өрттө кеминде бир миллиарддан ашуун жан-жаныбар кырылып калды.

Лондондогу Эксетер университетинин окумуштуулары жана Британиянын Метеорологиялык кызматы биргелешкен изилдөөдө андай деңгээлдеги өрттөргө Калифорния, Амазония, Сибирь туш болушу мүмкүн деген жыйынтык чыкты.

Жашыл континент деп аталган Австралияда 10 миллион гектар токой тилсиз жоонун кучагында калды. Бул Белгия менен Даниянын жалпы аянтына барабар. Аптапта 1,5 миңдей үй кыйрады, болжол менен миллиарддан ашуун жапайы жан-жаныбар кырылды.

Окумуштуулар абанын температурасы жогорулап жатканын, мындай өрттөрдүн коркунучу 20% күчөгөнүн белгилешет.

Британ изилдөөчүлөрүнүн жоромолун Дүйнөлүк метеорологиялык уюм да тастыктайт. Азыркы кылымда планетадагы орточо температура 3, атүгүл 5 градуска көтөрүлүшү ыктымал.

XS
SM
MD
LG