Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 21-февраль, 2020 Бишкек убактысы 09:57

Журналист Бейшенбеков: мага коюлган айыптарга макул эмесмин


Турсунбек Бейшенбеков.

20-январда Аскер прокуратурасына суракка чакырылып, андан ары 48 саатка камалган журналист Турсунбек Бейшенбеков эки айга үй камагына чыкты. Турсунбек Бейшенбековдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча бөгөт чарасы 20-январда кечинде каралган. Журналист сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол коюп бергенин айтып, башка эч нерсе айта албай турганын билдирди:

- Эки айга үй камагына алындым. Баары мыйзам чегинде болду. Мыйзам иштесе акталам. Мага коюлган айыптарга макул эмесмин.

Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 16-январда 1,5 саат сурак берип чыккан.

Журналист 20-январда Аскер прокуратурасына экинчи ирет сурак бергени чакырылып, андан ары 48 саатка убактылуу камоочу жайга киргизилген.

Анын сөзү боюнча, бул журналисттик ишине байланыштуу болуп жатат. Айрым маалымат каражаттары Бейшенбеков ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суралып жатканын жазып чыгышкан.

Аскер прокуратурасы журналисттердин акыркы сурактары боюнча маалымат бере элек. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (10)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG