Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 26-февраль, 2020 Бишкек убактысы 07:03

Өкмөт: Коронавирус тууралуу Кыргызстанда жалган маалымат тарап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө «Кыргызстанда коронавирус катталды» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы расмий кабарлады.

Мекеме мессенжерлер аркылуу «Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирусту жугузуп алган бейтап жаткырылды» деген маалыматты толугу менен четке кагууда.

«Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагында кимдир-бирөө коронавирусту жугузуп алган учур катталбаганын дагы бир жолу эске салат. Штаб вирустун жаӊы түрүнө байланышкан кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп жатат. Такталбаган жалган маалыматтарды таратпоону өтүнөбүз» деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 80ге жетти

АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда вирус жугузган адамдар аныкталды. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери катташына чектөө киргизилди. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG