Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Чоң-Алайда 16 жаштагы кызды никеге тургузган адамдар соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чоң-Алай райондук соту 16 жаштагы кызын турмушка берген ата-энени, күйөөсүн жана анын ата-энесин Жазык кодексинин 178-беренесинин («Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу») негизинде эки жыл алты айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Маалыматка караганда райондук сот 27-январда өткөн акыркы отурумунда дагы бир чечим менен Жазык кодексинин 83-беренесинин («Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу») негизинде жаза чектелген жарандардын ар бирине бир жылдан сынак мөөнөтүн берди. Ош облустук сотунун өкүлү билдиргенине караганда буга кыз күйөөгө өз эрки менен чыкканы, ортодо баласы бар экендиги тууралуу келиндин көрсөтмөсү негиз берди.

16 жаштагы кыз күйөөсү менен никеге 2018-жылы турган. Кылмыш ишин Москва райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү ооруканага түшкөн маалыматтын негизинде 2019-жылдын апрелинде козгогон.

Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы - 18 жаш. Жашы жете электерге диний негизде нике кыюуга жол берген тараптар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Кылмыш-жаза кодексине киргизилген мындай жобо 2016-жылы кабыл алынган. (MdN)

XS
SM
MD
LG