Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Коронавирус: Жапонияда жүздөгөн саякатчы кемеде карантинге алынды


Окуя болуп жаткан жерден тартылган сүрөт.
Окуя болуп жаткан жерден тартылган сүрөт.

Жапонияда кемеде саякаттап жүргөн 3700дөй киши коронавируска байланыштуу «Diamond Princess» лайнеринин өзүндө карантинге алынды.

3-февралда Йокогама портуна жакын жерде кемедеги он кишиде ушул илдет аныкталып, ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй дагы бир канча киши ооруга байланыштуу шек санала баштады. Андан бери саякатчылар жээкке чыгарыла элек экенин Жапониянын Саламаттык сактоо, эмгек жана бейпилдик министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, алар эки жумадай кемеде болушат. Бул аралыкта алар Интернет менен телефондорду колдонушат, аларга бекер тамак-аш берилет. Арасында 50дөн ашуун мамлекеттин жарандары бар экени айтылууда.

Кытайдан чыккан коронавирус илдети 5-февралдагы маалыматтар боюнча 25 миңдей адамга жугуп, 500дөй киши жашоо менен кош айтышты.

XS
SM
MD
LG