Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Азия чемпионаты: Улукбек Жолдошбеков финалга чыкты


Улукбек Жолдошбеков беттеш учурунда.
Улукбек Жолдошбеков беттеш учурунда.

Кыргызстандык эркин күрөшчү Улукбек Жолдошбеков Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатынын финалына чыкты.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Жолдошбеков 23-февралда эркин күрөштөн 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, үч беттеште жеңишке жетип, мелдештин финалына чыкты.

Жолдошбеков алгачкы кармашында казак спортчусу Нурболат Абдуалиевди, чейрек финалда ирандык Мажид Алмаз Дастанды, жарым финалда индиялык Рахул Баласахебди жеңип алды.

Алтын байге үчүн эми ал тажик спортчусу Мухамад Икрамов менен күч сынашат. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:30да башталат.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын акыркы күнүндө Жолдошбековдон сырткары 92 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Чыңгыз Керимкулов да Азия чемпионатынын коло байгеси үчүн күч сынашат.

22-февралда Арсалан Будажапов спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болду. Ал эми балбандар Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг) менен Исламбек Орозбеков (70 кг) коло медалдарды тагынышты.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты 18-февралда башталган. Алгач грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргыз балбандары эки күмүш, үч коло байге алышкан. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын, Айсулуу Тыныбекова коло медалын тагынды. Мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат. (GT)

XS
SM
MD
LG