Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Каракол шаардык кеңешинин депутаты кызматташы сабаганын айтып, УКМКга арыз жазды


Каракол шаары.

Каракол шаардык кеңешинин депутаты, «Табылга» партиясынын мүчөсү Азамат Айтбаев кызматташы, КСДПнын мүчөсү Тууганбек Чолпонбаевге каршы УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына арыз жазды. Аталган мекеме арыз бирдиктүү ресстерге катталганын 26-февралда билдирди.

Азамат Айтбаевдин «Азаттыкка» айтканына караганда 25-февралда аны депутат Тууганбек Чолпонбаев сабап салган.

«Шаардык кеңештин сессиясында Каракол шаарынын мэринин былтыркы иши тууралуу отчётун укканбыз. Аягында мен кызматташтарымды мэрдин отчётун жактырууга чакырып, сөз сүйлөгөм. Мени 18 депутат колдоп, мэрдин отчёту кабыл алынды. Ошол замат эле Чолпонбаев мени залдан чакырып чыгып, коңшу бөлмөгө алып кирип алып, шапалак менен кулак түпкө сокту. Эшикти жаап алып, дагы бир нече жолу бети-башыма уруп, ичиме сокту. Ал мени: «Мэрдин отчётун өткөрбөш керек эле, сен неге саботаж кылып жатасың?» деп соккулап жатты. Сабап туруп эле кайра «жүрү эшикке» деп, сыртка чыкканда кайра кучактап кечирим сурады», - деди Азамат Айтбаев.

Азамат Айтбаев таяк жеген күнү дароо соттук-медициналык экспертизадан өтүп, УКМКнын облустук башкармалыгына арыз менен кайрылганын билдирди.

Каракол шаардык кеңешинин депутаты Тууганбек Чолпонбаев Азамат Айтбаевдин дооматын төгүндөп, «кол көтөргөн эмесмин, жөн эле туруп сүйлөшкөм» деп билдирди.

Каракол шаардык кеңешинде «Табылга», КСДП, «Кыргызстан», «Республика - Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиялары жалпысынан 37 мандатка ээ. Көпчүлүк мандат «Табылга» (12), КСДП (6) партияларына таандык.

Каракол шаардык кеңешине келерки шайлоо 12-апрелде болот. (ZKo/KS)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG