Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:59

Рамзан Кадыровду сындаган дагы бир адам таяк жеди


Тумсо Абдурахманов.
Тумсо Абдурахманов.

Чечен президенти Рамзан Кадыровду такай сындап жүргөн блогер Тумсо Абдурахманов 26-февралда өз үйүндө сабалды.

Швед укук коргоочулары блогер ооруканада дарыланып жатканын кабарлашты. Укук коргоочу Вайфонддун айтымында «кол салуу күндүзү, Тумсо үйүндө эс алып жаткан учурда болгон. Балка менен куралганган кылмышкер менен Тумсонун ортосунда мушташ болгон. Тумсо өзүнө кол салган адамды кармап, полиция чакырган».

Блогер өзүнө кол салган адамды кармап, видеого тартып жарыялаганга да жетишкен. Тумсонун видеосунда ага кол салган адам Москвадан келгенин, Тумсого кол салууга Абдурахман аттуу адам Чеченстанда буйрук бергенин видеого айтып берген. Тумсо жарыялаган видеодон полдо жаткан адамды көрүүгө болот. Ал өзүнүн апасы буюртмачылардын колунда экенин айтат. Тумсо кездемеге оролгон балканы да көрсөтөт.

Буга чейин Тумсо Францияда өлтүрүлгөн блогер Имран Алиев тууралуу маалыматтарды өзүнүн видео блогунда ачык жарыялаган. Өткөн жылы Чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвили Берлинде чак түштө атып өлтүрулгөн. «Bellingcat» журналисттик иликтөөчүлөр тобу Хангошвилиге кол салууну Орусиянын ФСБсы уюштурганын жазып чыккан.

Тумсого Чеченстанда ойдон токулган кине менен кылмыш иши козголгондон кийин Европага качып келип жашап калган. Укук коргоочулар Тумсонун кайсы жерде жашаганын коопсуздуктан улам ачык айтышкан жок. (YI)

XS
SM
MD
LG