Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Президент Жээнбеков: Лейлек - Кыргызстандын дарбазасы


Президент Жээнбеков лейлектик тургундар менен. Баткен облусу. 11-март, 2020-жыл.
Президент Жээнбеков лейлектик тургундар менен. Баткен облусу. 11-март, 2020-жыл.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 11-мартта Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Лейлек районун кыдырды. Президент жергиликтүү тургундар менен жолугушууда чек ара маселелери жергиликтүү элдин пикирлерин эске алуу менен чечилүүгө тийиш экенин айтты:

«Лейлек жергесинин кыргыз мамлекетинин тарыхында жана азыркы турмушунда өзгөчө орду бар. Геосаясий жактан да орду маанилүү. Лейлек - Кыргызстандын дарбазасы. Өлкөбүз мына ушул жерден башталат. Аймак өзгөчө оор шарты менен менин көңүлүмдө турат».

Президент Жээнбеков чек ара маселесин чечүүдө тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жанданып, илгерилей баштаганын эскертип, тараптар бири-биринин жүйөлөрүн эске алуу менен конструктивдүү диалогго ыктап жатышканын кошумчалады.

Мамлекет башчы баткендиктерди кырдаалды курчутуш үчүн пайда боло калуучу кызыкчылыгы бар тараптардын чагымына алдырбоого чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-11-мартта Баткен облусун кыдырып, аймактагы элдин жашоосу, жол, суу маселелери боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлорду көрүп чыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG