Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:20

Абылгазиев: өкмөт өз милдеттерин ийгиликтүү аткарды (видео)


Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдагы өкмөттүн иши үчүн отчёт берип жатат. Анда ал өкмөт өз милдеттерин так аткарды деп эсептей турганын билдирди.

«Каржы институттарынын жана статистикалык комитеттин анализдери боюнча өкмөт өзүнүн алдына койгон милдеттерин ийгиликтүү аткарды десек болот. Өкмөт программасынын аткарылышы 95% түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 5% өстү. Жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашыруу 86,2%, калктын ишеним индекси 63,9%, эл аралык рейтинг 46,1% болду», - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр бир топ тармактарда реформа жүзөгө ашырылып жатканын белгиледи. Өкмөтүн маалыматына караганда, Кыргызстан «Коррупцияны кабылдоо индекси - 2019» рейтингинде позициясын жакшыртып, 6 баскычка көтөрүлгөн. Коррупцияны кабылдоо индекси өлкөдөгү ишкерлердин жана эксперттердин пикирине ылайык мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлин баалайт. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG