Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Токиодогу жайкы Олимп оюндары эмдиги жылга калды


Бир катар өлкөлөр коронавируска байланыштуу жайкы Олимп оюндарына катышуудан баш тарта башташкан.
Бир катар өлкөлөр коронавируска байланыштуу жайкы Олимп оюндарына катышуудан баш тарта башташкан.

Жапон премьер-министри Синзо Абэ Эл аралык Олимпиада комитетинин башчы Томас Бах Токиодогу жайкы Олимп оюндарын бир жылга жылдырууга «макул болгонун» билдирди.

Мындан бир күн мурда Синзо Абэ коронавируска байланыштуу жагдайдан улам Олимп оюндарын баштапкы планга ылайык өткөрүү «мүмкүн болбой» калышы ыктымал экенин билдирген. Ал дүйшөмбүдө парламентте сүйлөп жатып «дүйнөдө азыр Олимп оюндарын өткөргүдөй абал болбой турат» деп, Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах менен буга байланыштуу кеңешерин айткан.

Бир катар өлкөлөр коронавируска байланыштуу соңку кырдаалдан улам жайкы Олимп оюндарына катышуудан баш тарта башташкан.

Ушул айдын башында Эл аралык Олимпиада комитети «Олимп оюндарынын датасы башка күндөргө жылдырылбайт» деген чечим кабыл алган. Комитет бардык спортчуларды мелдештерге даярдана берүүгө, машыгууну токтотпоого чакырган.

Жапон бийлиги да буга чейин Олимп оюндарына олуттуу коркунуч жок экенин билдирип келген. Аны уюштуруп өткөрүүгө 12 миллиард доллардан ашык каражат жумшалган. Олимп оюндары 24-июлдан 9-августка чейин белгиленген.

XS
SM
MD
LG