Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

ИИМ: Такси да токтошу керек, баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө абал эрежесин сактабаган такси кызматтарынын жана жүргүнчү ташыган жеке таксилердин машинелери атайын токтотмого киргизилип, айдоочуларга мыйзамдын негизинде тиешелүү катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу 25-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылгандай, коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук транспорттун, анын ичинде жүргүнчү ташыган шаардык жана жеке таксисттердин иши токтотулат.

18-24-мартта Кыргызстанда коронавирус жугуп ооруканага түшкөндөрдүн жалпы саны 42 адам болду. 25-марттын саат 9:00уна карата жаңы учурлар катталган жок.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, бул убакытта адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек.

25-мартта Бишкекте автобус-троллейбустар каттабай калды. Таксилер жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG