Кыргызстанда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү өз убагында албагандарды айыпка жыгуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 30-мартта Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 22-марттан 22-апрелге чейинки аралыкта төрөлгөн балдарга документти кийинчерээк, айыппул төлөбөстөн жаздырып алса болот.
Мындай чара коронавирус илдетин жайылтпоо, тейлөө борборлоруна элди топтобоо максатында кабыл алынды.
Эреже боюнча, ата-эне күбөлүктү бала төрөлгөндөн кийинки бир ай убакыт ичинде алышы зарыл. Эгер бул мөөнөт сакталбаса, 1 миң сом айып төлөшү керек.
30-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 94 адам аныкталды, алардын үчөө айыгып чыкты.
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машина да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө тыюу салынган. (RK)