Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

ИИМ: «Ак-Кемедеги» обсервация милициянын толук көзөмөлүндө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык комендатурасы «Ак-Кеме» мейманканасындагы обсервация толугу менен милициянын көзөмөлүндө экенин билдирди. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, ал жердеги коомдук тартип да камсыздалган.

«Обсервациядагы 22 жаштагы кыз балкондо кийимин жайып жаткан учурда өзүнүн зер буюмун кокустан түшүрүп алып, чатырдын жээгинен кайра алганга үлгүргөн. Ал жак бийик болгондуктан секирип кетүүгө такыр мүмкүн эмес. Милиция кызматкерлери кызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда ал секирип качып кетүү оюнда жок экенин билдирген», деп айтылат ИИМдин маалыматында.

1-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова обсервацияларды кайтарууну күчөтүүнү ИИМден суранган. Ошондой эле ал «Ак-Кемедеги» обсервациядагы адамдар тосмо тордон секирип жатканын белгилеген.

1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 111 болду, алардын үчөө айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG