Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:53

Коронавирустун очогунда иштеген дарыгерлерге кошумча акы төлөнө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустун очогу болгон жерлерде иштеген медицина кызматкерлерине 8-апрелден тартып кошумча акча төлөнө баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, март айы үчүн алгач Чүй жана Ош облустарынын 141 медицина кызматкерине жалпысынан 1 миллион 400 миң сомдук кошумча акы которулду. Министрлик белгилегендей, алардын айлык акысы сакталат, бул акча кошумча колдоо катары берилет.

Дарыгерлерге 46 миң сомго чейин, ортоңку медициналык персоналга 41 миң сомго жана тейлөө жагында иштегендерге 38 миң сомго, ал эми нөөмөт боюнча иштегендерге 29 миң сомго чейин төлөнүп берилет.

Коронавирус башталганы Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигине элден акча чогула баштаган. Атайын комиссия ал эсептен дарыгерлерге кошумча маяна катары 38,5 миллион сом бөлгөн. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG