Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:56

COVID-19 вирусу жуккан тогуз бейтаптын абалы оор


Баткендеги аймактык оорукана. 3-апрель, 2020-жыл.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда стационарда коронавирус жуктурган 290 киши жатат. Алардын ичинен тогузунун абалы оор, бешөө реанимацияда.

11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 339 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө.

COVID-19 вирусу жуккандардын 51 медицина кызматкерлери. Бардыгы болуп ушул күнгө чейин 44 бейтап айыгып чыкты.

Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 116, Чүй облусунда – 18, Баткен облусунда – 4, Ош шаарында – 42, Бишкек шаарында – 54, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 4 учур катталды. Алардын 176 –аял, 163 – эркек. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG