Стокгольмдогу Тынчтыкты иликтөө эл аралык институтунун (SIPRI) жаңы баяндамасына ылайык, былтыр Москванын аскердик чыгымдары 65 миллиард доллардан ашкан жана бул мурдагы жылга караганда 4,5% көп. Орусия мурдагы жылкы көрсөткүчтөрү менен былтыр бул тизмеде алтынчы орунда турган, быйыл төртүнчү орунга көтөрүлдү.
Коргоо тармагына эң көп каражат жумшаган алдыңкы беш өлкөнүн чыгымы жалпы чыгымдын 62% түзөт. Бул тизменин сап башында АКШ турат жана Вашингтондун чыгымы былтыр 732 миллиард долларды түзгөн, бул мурдагы жылга караганда 5,3% көп.
Экинчи орунду 261 миллиард доллар жумшаган Кытай ээлейт. Бул өлкөдө соңку он жылдын ичинде аскердик чыгым 85% көбөйгөн.
Индия бул тизмеде үчүнчү орунда жана Нью-Дели былтыр 71 миллиард доллар короткон. Бул 2018-жылга караганда 6,8% көп.
Бул тизмеде бешинчи орунда коргоо тармагына 61,9 миллиард доллар жумшаган Сауд Арабиясы турат, былтыр падышачылык аскердик чыгымдарын 16% кемитип, ушундан улам үчүнчү орундан бешинчиге түшкөн. Уюмдун эсебинде дүйнө жүзүндө 2019-жылы аскердик чыгымдын жалпы көлөмү 1,9 триллион долларга чамалаган. Бул 2008-жылдагы экономикалык каатчылыктан берки эң чоң көрсөткүч.
SIPRI - дүйнө өлкөлөрүнүн курал-жаракка кетирген чыгымдарын, тапкан киреше-пайдасын иликтеген дүйнөлүк илим-изилдөө институту. Ал өткөн айда соңку беш жыл ичинде дүйнөдө курал-жарак сатуу 5,5% көбөйгөнүн иликтеп чыккан. Ага ылайык, АКШ, Орусия, Франция, Германия жана Кытай курал-жарак экспорттогон ири мамлекеттер болуп эсептелет.