Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Маалымат каражаттарына 11-майдан тартып иштөөгө уруксат берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 29-апрелде брифингде билдирди. Анын айтымында, экинчи этаптан тартып маалымат каражаттары, редакциялар, басмаканалар жана башка кеңсе кызматтары ишин жанданта алышат.

«Буга чейин айрым маалымат каражаттары аралыктан иштеп келишти. 11-майдан тартып редакциялар иштей баштаса болот», - деди Эркин Асрандиев.

Кыргыз өкмөтү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-майдан тартып үч этап менен ишканалардын, тармактардын ишке киришинин механизмин иштеп чыккан. Биринчи этаптан ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода, тейлөө тармагы кирет.

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелде өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Президенттин 14-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизилип, аймакта өзүнчө комендатура түзүлдү.

Өзгөчө абалга байланыштуу бир катар мекеме-ишканалар менен катар журналисттердин да иши чектелген. Бишкек шаарынын комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөрмө берүүдөн баш тартып, бул чечимин оорунун жайылышынын алдын алуу аракети менен түшүндүргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG