Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Коронавирус жуккан күч кызматкерлеринин саны 27ге жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан күч кызматкерлеринин саны 27 кишиге жетти. Бул тууралуу 4-майда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабда өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтканына караганда, илдет жуккан он кызматкер айыгып чыкты. Калган 17си Бишкектеги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканада дарыланып жатат, алардын жетөө 3-майда жаткырылды.

4-майга карата Кыргызстанда коронавирус 830 адамдан табылды, алардын ону кайтыш болду, 575 бейтап айыгып чыкты.

Ал эми медицина кызматкерлеринен бул илдет 216 адамдан табылды, алардын 139у айыгып чыкты.

Оору жуккандан кийин каза болгон он адамдын бири Бишкекте бейтапканада иштеген дарыгер болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG