Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

«EdTech - билим берүүдөгү жаңы реалдуулук» аттуу бир айлык онлайн-марафон башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку технологиялар паркы менен биргеликте «EdTech - билим берүүдөгү жаңы реалдуулук» деген онлайн иш-чаралардын бир айлыгын жарыялады. Анда билим берүүдөгү жаңы технологиялар, өлкөнүн ири компанияларына жумушка орношуу жөнүндө жана ошондой эле кыска мөөнөттүү курстар менен университеттердин IT-программалары тууралуу маалыматтар берилет.

4-майдан 16-майга чейин Кыргызстандагы мыкты IT мектептер окуучулар жана студенттер үчүн IT адистиги боюнча акысыз вебинарларын өткөрөт.

18-майдан 23-майга чейин жумушка орношуу, стажировка үчүн аңгемелешүү, мотивациялык кат жана резюме жазуу боюнча акысыз мастер-класстар өткөт.

16-майдан 30-майга чейин IT компаниялардын ишмердүүлүгү тууралуу жолугушуу, талкуулардын сериясы, презентациялар жана стажировка үчүн орундар жөнүндө маалыматтар берилет.

Мындан тышкары жалпы бир айлык өнөктөштүктүн алкагында Кыргызстандын билим берүү тармагына салым кошкон инсандар менен онлайн жолугушуулар болуп турат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бул иш- чаралардын катары дагы толукталарын маалымдады.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана окуу жайлары 8-апрелден тартып аралыктан окутуу форматында иштеп жатышат. Бардык сабактар жана сынактар онлайн формада жүргүзүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG