Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:48

Кабулда төрөт үйүнө кол салууда кеминде төрт киши мерт болду


Кол салуу болгон оорукана.
Кол салуу болгон оорукана.

Ооганстандын борбору Кабул шаарынын шииттер байырлаган бөлүгүндө 12-майда «Чек арасыз дарыгерлер» кайрымдуулук уюмуна караштуу төрөт үйүнө куралдуу үч киши кол салды. Ички иштер министрлиги атышууда бери дегенде төрт жайкын тургун көз жумганын, дагы бир канчасы жарадар болгонун билдирди. Министрлик тараткан маалыматта кол салгандардын бири атып өлтүрүлгөнү, 80дей келин чүрпөсү менен куткарылганы айтылат.

Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. «Талибандын» расмий өкүлү Забихулла Мужахид бул окуяга талибдердин тиешеси жок экенин айтты.

Кабул менен анын жака-белиндеги аймактарда буга чейин «Талибан» да, «Ислам мамлекети» террордук тобунун жоочулары да кол салуу уюштуруп келген. «Ислам мамлекети» террордук уюму Кабулдун батыш бөлүгүндө шииттер жашаган аймактагы кол салуулардын көпчүлүгү үчүн жоопкерчилик алган.

Ал арада Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында жанкечти тажия өтүп жаткан жерде өзүн жардырып жиберди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү анда кеминде он адам өлүп, дагы 30дай киши жарадар болгонун кабарлады. Бул кол салуунун артында ким турганы азырынча белгисиз.

Кабулда 11-майда жолго коюлган төрт бомба жарылып, төрт киши, анын ичинде 12 жаштагы кыз мерт болгон. Мындан көп өтпөй ооган чалгын кызматы аталган уюмдун аймактагы башчысы шейх Абу Омар Ал-Хорасани деген ат менен таанымал Зия-ул-Хакты колго түшүргөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG