18-майда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орозо айт күнүнө дал келген 23-24-25-26-май күндөрү өлкөдө жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынганын маалымдады.
Эрдоган коронавирус менен күрөшүү максатында кабыл алынган бул чечим менен өлкөдө илдетти жугузуп алгандарды азайтууну көздөп жатканын баса белгиледи.
Коменданттык сааттын эрежелерин бузган жарандар административдик айыпка жыгылат.
Айт күндөрү Түркияда нан жана азык-түлүк саткан дүкөндөр гана белгиленген мөөнөттө ачык болот.
Түркияда расмий өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланып жатат. 18-майга карата Түркияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 150 миңден ашты. Каза болгондор - 4147 киши. Ал эми 111 миңден ашык киши айыгып чыккан.
30 миңдей кыргызстандык Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенет жана окуйт. (ElB)