Баткендеги «Салам медиа» уюмунун жетекчиси, журналист Улукбүбү Амирова 42 жашында көз жумду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна кесиптештери кабарлап, ал инсульт оорусуна капилет чалдыгып, 18-майда жашоо менен кош айтышканын билдиришти.
Улукбүбү Амирова аймактагы популярдуу «Салам» радиосун жетектеп, аны заманбап мултимедиа борборуна айланткан. Эл аралык уюмдар менен кызматташып, бир катар программаларды даярдап келген. Президенттин Ардак грамотасына ээ болгон. 2018-жылы Журналисттердин республикалык курултайында Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын мүчөсү болуп шайланган.
Амирова жетектеген «Салам Медиа» 15 жылдан ашык мезгилден бери «Азаттык» радиосу менен өнөктөш катары кызматташып келет.
«Азаттык» радиосунун эмгек жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат. (SE)