Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:28

ӨКМ: мамлекеттен ссуда алган 2 миңден ашуун үй-бүлө кооптуу аймактан көчпөй жатат


Өзгөндөгү жер көчкү жүргөн Аю айылы. 30-апрель, 2017-жыл.
Өзгөндөгү жер көчкү жүргөн Аю айылы. 30-апрель, 2017-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров 19-майда парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанда 2439 түтүн эл мамлекеттен жардам жана жер тилкесин алганына карабай, кооптуу аймактан көчпөй жатканын билдирди.

Аскаровдун айтымында, аларга жылына бир нече жолу эскертүү берилет. Быйыл төрт айдын ичинде кооптуу аймакта үч миңден ашык жер титирөө болгон.

Буга чейин ӨКМ өлкө боюнча 3909 түтүн эл көчкү коркунучу бар аймактарда жашай турганын билдирген. Алардын ичинен 2406 үй-бүлө Ош облусунун, 1367 үй-бүлө Жалал-Абад облусунун кооптуу деп саналган аймактарында.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги май айындагы нөшөрлөгөн жаандан улам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертип келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG