Европа комиссиясынын адистери авиация тармагында Кыргызстанга 28 сын-пикир, эскертүү берди. Бул тууралуу парламенттин 20-майдагы жыйынында Жарандык авиация боюнча агенттиктин жетекчиси Курманбек Акышев билдирди.
Жыйында депутат Аалы Карашев Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация агенттигинин кара тизмесинен качан чыгарына кызыкты.
«Биз суроо бергенден, силер жооп бергенден тажаган жоксуңар. Үч жыл мурда деле ушул сөздү айттыңар эле. «Ал эле, бул эле, адистер келип кетишти» дегенсиңер. Азыр деле ошону айтып жатасыңар. Ушуну аягына чыгарбайсыңарбы. Жүрө беребизби? Так айта аласыңарбы? Силерге берилген тапшырманы качан аткарып бүтөсүңөр? Жакшыраак иштеш керек».
Буга Жарандык авиация боюнча агенттиктин жетекчиси Курманбек Акышев «так айтыш мүмкүн эмес» деген жооп кайтарды:
«Иштер жүрүп атат. Еврокомиссияын адистери келип, 28 эскертүү берген. Анын 12син аткарганбыз. Калганын иштеп атабыз. Пандемия бүтүп калса Еврокомиссияга кат жибергенге жол ачылат. Буюрса, ишти аягына чыгарабыз. 2019-жылдын аягы, 2020-жылдын башына берилген планды толук аткардык. Эксперттердин дагы бир аудитин күтүп атабыз. Апрелде келиши керек эле. Келе албай калышты».
Кыргызстандын авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Европа Биримдигинин кара тизмесинен чыга элек. (NT)