Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Атамбаев баштаган КСДПнын саясий кеңеши жыйынга чогулат


КСДПнын желектери.
КСДПнын желектери.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу расмий билдирүү таратылат. Бул тууралуу 22-майда «Азаттыкка» партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, билдирүү жакында өтө турган саясий кеңештин жыйынында талкууланат.

«Партиянын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова 18-майда катчылыкка жыйын уюштуруу тууралуу тапшырма берген. Ошондон кийин расмий билдирүү таратабыз», - деди ал.

Соңку күндөрү Атамбаев тарабындагы КСДПнын ичинде ажырым пайда болгону айтылууда.

15-майда Кой-Ташта Атамбаевдин уулдары жыйын өткөрүп, партиянын саясий кеңешинин курамын кыйла өзгөртүү, жетекчилик маселесин карап чыгуу тууралуу сөз кылганы, алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча программасын талкуулаганы кабарланган.

Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 21-майда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына билдирүү жарыялап, Кодуранова тууралуу «Атамбаевди жана балдарды эл алдында ачык жана чечкиндүү коргобой калды, Жолдубаева экөө партия ичиндеги интригаларды токтото алган жок» деди. «Кыргызстандын социал-демократтары» деген жаңы партия катталганын жана ал жаңы мүчөлөрдү топтоп, шайлоого кам көрө баштаганын жазды.

КСДПнын мурдагы лидери Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясында камакка алынып, оор кылмыштар үчүн айыпталып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Депутаттар Кодуранова менен Карамушкина да Кой-Таш окуясына байланыштуу үй камагында отургандардын катарында.

Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушундагы лидер партия болуп саналган КСДП мурдагы жана азыркы президенттердин ортосундагы саясий тиреш учурунда да экиге бөлүнгөн.

2018-жылы түзүлгөн «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси, КСДПнын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахмановду Юстиция министрлиги 2019-жылы КСДПнын лидери катары каттап, партиянын дарегин өзгөрткөн.

Ал эми Атамбаевди жактаган тарапты депутат Асел Кодураңова убактылуу жетектеп калган. (RK)

XS
SM
MD
LG