Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Акылбек Жапаров: Чек арада жашаган элге аңчылык куралга уруксат берүү керек


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңеш 11-июндагы сессиясында "Курал-жарак жөнүндө" мыйзамга өкмөт сунуштаган өзгөртүүлөрдү талкуулап, биринчи окууда добуш берүүгө жиберди. Талкуу учурунда депутат Акылбек Жапаров Кыргызстандагы чек ара аймактарынын жашоочуларына жеңилдетилген түрдө курал алып жүрүүгө уруксат берүү керек деп эсептеди:

"Балким, чек арадагы райондордун жашоочуларына өзүн коргоо үчүн өзүнчө тартип иштеп чыгабыз. Биздин коңшулар тараптан аткылоолор болуп жатат. Биздин эл таш менен гана коргонууда. Биз муну 2001-2002-жылдарда эле көтөргөнбүз. Чек арадагы аймактарда жашаган жарандарга өзүн коргонууга кирген аңчылык куралдарын жеңилдетилген тартипте берсе болот. Ал эми биз рейд кылып, алардан жада калса аңчылык куралдарын да алып коюп жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев чек арадагы райондордун тургундарына аңчылык куралды жалпы тартипте алууга уруксат бар экенин билдирди:

"Мыйзам боюнча куралга уруксат берүүдө эч кандай маселе жок. Эч кандай тоскоолдуксуз беребиз. Сайсыз мылтык боюнча проблема жок. Бизде жарандарга сайлуу курал берүүдө маселе бар. Ал жерде беш жылдык аңчылык тажрыйба болушу керек деген жобо бар. Анда муну өзгөртүш керек болот".

Кыргызстандын жаңжал көп катталган чек ара аймактарынын жашоочулары курал алып жүрүү демилгесин маал-маалы менен көтөрүп келишет. Аны колдобогон тарап курал колдонуу чыр-чатактарды ырбатып жиберет деп эсептейт.

Кыргызстандын аймагы төрт мамлекет менен чектешип турат. Алардын ичинен Кытай жана Казакстан менен чек араларында делимитация жана демаркация иштери толук бүткөн. Ал эми Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларда такталбаган аймактар бар. Ушундан улам такталбаган аймактардагы кошуналар ортосунда маал-маалы менен жаңжал чыгып, эки элде тең жабыркагандар катталып турат. (NT)

XS
SM
MD
LG