Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Ошто адвокат коркутуулар болуп жатканын айтууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип жаткан келиндин адвокаты Мухайё Абдурауповага белгисиз бирөөлөр телефон чалып коркутканын билдирди. Алар жактоочуну күйөөсүн өлтүргөн келиндин зомбулук курмандыгы болуп келгени тууралуу арызын артка алуусун талап кылышкан. Мухайё Абдураупова түрдүү коркутууларга карабай, келиндин ишин аягына чейин чыгарарын кошумчалады:

“Соттук жараян учурунда да мени каргап-шилеп, коркутуу алар үчүн өнөкөткө айланды. Эми мен коргоп жаткан келиндин ата-энесин да коркутуп коюшкан окшойт, алар менден кызын жактабай эле коюумду өтүнүштү. Мени күйөөсүнөн зомбулук көрүп жүрүп, коргонуу учурунда кокустан өлтүрүп алган келин өзү суранып, жалдаган. Ал дагы эле коргоп беришимди суранууда”.

29 жаштагы Гүлназ Пасаңова күйөөсүнүн өлүмү үчүн айыпталып, Ош шаардык соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылган. Сот аны энелик укугунан ажыратып, балдарын маркумдун туугандарына берүү чечимин чыгарган.

Айыпталган келин жана анын жактоочусу күйөөсүн кокустук менен өлтүрүп алганын, ага чейин жети жыл бою үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин билдиришүүдө. Алардын айтымында бул жагдайды тергөө да, сот да эске алган эмес.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG