Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Казак Мажилисинин спикерине коронавирус жукту


Нурлан Нигматуллин.
Нурлан Нигматуллин.

Казакстандын Мажилисинин спикери Нурлан Нигматулинден коронавирус табылды. Өлкө парламентинин расмий сайты төрага буга чейин коронавируска кабылганы айтылган саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов менен жолугушканын билдирди.

"Елжан Биртановдун анализи оң натыйжа бергендиктен, Мажилис спикери 16-июнда коронавируска тест тапшырган эле. Тилекке каршы, тест оң натыйжа көрсөттү. Симптомсуз COVID-19 деген диагноз коюлду" деп жазылган расмий кабарда.

Нигматуллин учурда обочолонуу режимин сактоо менен иштеп жатканы кошумчаланган.

Дүйшөмбүдө казак премьер-министри Аскар Мамин да карантинге чыккан. Анын алдында саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавируска кабылганы аныкталган. Учурда өлкөнүн билим берүү, коргоо жана айыл чарба министрлери, ошондой эле Жамбыл облусунун акими аралыктан иштеп жатышат.

XS
SM
MD
LG