Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Германия Хангошвилинин өлүмү боюнча Орусияны күнөөлөдү


Зелимхан Хангошвилинин жакындарынын Германиянын Грузиядагы элчилигинин алдындагы акциясы. Тбилиси, 10-сентябрь, 2019-жыл.
Зелимхан Хангошвилинин жакындарынын Германиянын Грузиядагы элчилигинин алдындагы акциясы. Тбилиси, 10-сентябрь, 2019-жыл.

Германиянын прокурорлору былтыр Берлинде грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин өлтүрүлүшү боюнча Орусиянын "Вадим К." аттуу жаранына айып тагышты. Прокурорлор орус жараны "киши өлтүрүү" жана "курал-жарак мыйзамдарын бузуу" беренелери боюнча айыпталып жатканын, Хангошвилинин көзүн тазалоо буйругун орус өкмөтү бергенин 18-июнда билдирди.

Аны улай немис тышкы иштер министри Хайко Маас Орусиянын Берлиндеги элчиси министрликке чакыртылганын, ага Германиянын бул маселе боюнча позициясы жана алдыдагы чаралары тууралуу маалымат берилерин айтты.

Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы Зелимхан Хангошвилини 2019-жылдын 23-августунда немис баш калаасында атып кетишкен. Кылмышка шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерээк ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон.

"Bellingcat" иликтөөчүлөр тобу Хангошвилинин өлүмүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштуруп, ишке ашырганын билдирген. Орус президенти Владимир Путин Хангошвилини «мыкаачы, канкор» деп сыпаттап, ал издөөдө болгонун, бирок Москва аны өлтүрүүгө катышпаганын айткан.

Хангошвили үй-бүлөсү менен Германияга көчүп келгенге чейин Грузияда Ички иштер министрлигинин террорго каршы бөлүмүндө иштеген жана 2012-жылы Лопото капчыгайындагы жоочуларга каршы атайын операцияга катышкан.

XS
SM
MD
LG